super.kg logo

Ташиев таңкы саат 5те жалгыз иштеп жаткан МАИ кызматкерин көргөн. Ага 100 миң сом берди

 

Бүгүн, 13-июнь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев таң атпай көчөдө жалгыз иштеп жаткан МАИ кызматкерин көрүп, аны кабыл алды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Ташиев таңкы саат 05:30дар чамасында жумушка келе жатып, Бишкектеги жолдордун биринде өзүнүн кызматтык милдеттерин жалгыз аткарып жаткан Патрулдук милиция кызматкерин көргөн жана жүргөн жолунда андан башка патрулдук милиция кызматкери иштеп жаткан учур болгон эмес.

Камчыбек Ташиев Патрулдук милиция кызматкеринин таң эртеден өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканын баалап, ага белек жана акчалай сыйлык тапшырган. Ал Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кенже инспектору, милициянын сержанты Амангелди Көлбаев аттуу жаш кызматкер болгон.

Ага белек жана сыйлык тапшырып жатып, Камчыбек Ташиев: “Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү”, - деп белгиледи.

Ташиев Патрулдук милиция кызматкеринин жумушуна ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы кызматын сүйүп, милдетин так аткаруусуна тилектештигин билдирип, 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана белек тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: