super.kg logo
  Саясат  

Вице-мэр: "Шаарда каттоосу жок окуучулар 40 пайызды түзөт"

 
Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Вице-мэр Айгүл Усубакунова шаардагы билим берүү тармагындагы кырдаалга токтолуп, мектептердеги жаш адистердин жетишсиздигин айтып өттү. 
Материалдык көйгөйлөр, маянанын аздыгынан улам жаш мугалимдер мектептерде иштебей жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле мектептерде шаарда каттоосу жок окуучулардын көрсөткүчү 40 пайыз экенин кошумчалады. Мындан сырткары маданият тармагында ар тараптуу иш-чаралар тууралуу да айтып өттү. 
“Спорттук комплекс тургузулган эмес. Жаңы конуштарда калктын саны көбөйүп жатканы белгилүү. Ага ылайык тармактарды да кеңейтүү зарыл. Спорттук комплекстерди оңдоп-түзөө, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси да чечилиши керек”,- деди Усубакунова.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: