Чүйдө мыйзамсыз иштеп келген медресе жабылды







Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган диний мекеме архитектуралык-курулуш жана санитардык-гигиеналык нормаларды сактаган эмес, ошондой эле дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөн эмес.
"Медресени салттуу эмес диний агымдардын биринин жетекчисинин тууганы Ж.У. аттуу жаран 2022-жылдан бери мыйзамсыз иштетип келген. Текшерүү учурунда жашы жете элек 33 бала билим алып жаткандыгы аныкталды. Материалдар каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК аталган медресеге мөөр басылып, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

