Айрым жерлерде жаан жаайт. Эртеңки күнгө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 14-июнда өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+37,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Бишкек шаарында түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29.

