super.kg logo

Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБке барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ЖЭБдин ишмердүүлүгү боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн катышуусунда жыйын өткөрдү.

"Быйылкы кыш сыяктуу өзгөчө кырдаалдар кайталанбашы үчүн ЖЭБди жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде күйүүчү майларды керектүү көлөмдө сатып алууну камсыз кылуу, оңдоо иштерин бүтүрүү жана жабдууларды кыш мезгилинде жүктөөгө даяр болушун камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары ЖЭБде жылуулук менен камсыздоону иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүүнүн эсебин автоматташтыруу зарыл. Бардык процесстер ачык болушу керек", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: