super.kg logo
  Спорт  

"Супер-Инфо" гезити тарабынан “Жылдын супер спортчусу” деп табылган Айсулуу Тыныбекованы Дене тарбия жана спорт агенттиги "Жылдын мыктысы" деп атады (Фоторепортаж)

 
Бул кечеде күтүлбөгөн сюрприздер болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов менен дуэт аткарды.
Кечеге бир катар спорт ишмерлери жана спортчулар келишти.
"Казань-2013" Бүткүл дүйнөлүк универсиадасынын чемпиону Нурбек Аканов улуттук спорт түрлөрү менен машыккан спортчулардын ичинен "Жылдын мыкты спортчусу" деп аталды.
"Казань-2013" Бүткүл дүйнөлүк универсиадасынын чемпиону Нурбек Кожобеков да сыйлык алды.
Олимпиадалык спорт түрлөрү менен алектенген спортчулардын ичинен Айсулуу Тыныбекова "Жылдын мыкты спортчусу" деп табылды.
Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу Нурбек Изабеков "Жылдын мыкты машыктыруучусу" болуп табылды.
Кыргызстан курама командасынын формасы көрсөтүлүүдө.
Солдон-оңго: Машыктыруучу Нурбек Изабеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Байгазы Кенжебаев.
Кечеге бир катар спорт ишмерлери жана спортчулар келишти.
Азат Усеналиевдин машыктыруучусу Ильяс Маров жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов менен...
Мушкер Азат Усеналиев "Жылдын мыкты" спортчусу катары Аскар Салымбековдун колунан сыйлык алууда.
Кечеге бир катар спорт ишмерлери жана спортчулар келишти.
Кечеге бир катар спорт ишмерлери жана спортчулар келишти.

23-декабрда КРнын өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан уюшулган Олимпиадалык кечеде 2013-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, КРнын 2013-жылдын мыкты спортчулары аныкталды.

Олимпиадалык спорт түрлөрү менен алектенген спортчулардын ичинен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Азат Усеналиев (бокс), Айбек Усупов (эркин күрөш), Игорь Дорофеев, Максим Бондарь (экөө тең гребля спорту) жана Юрий Краковецкий (дзюдо) жыл мыктысы деген наамга ээ болушту.

Ал эми олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн Нурбек Аканов, Нурбек Кожобеков (экөө тең белбоо күрөшү), Кумар Жалиев, Улан Касымбеков, Сталбек Дарканбаев (баары кикбоксинг) жана Данияр Кашкараев (тайбокс) сыяктуу спортчулар мыкты аталды.

Андан тышкары улуттук спорт түрлөрүнөн мыкты делинип Нурбек Аканов (белбоо күрөшү), Анарбек Жамакеев (тогуз коргоол) жана Жышан Алсеитовдордун (көкбөрү) ысымдары аталды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.12.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулууну озгочо куттуктагым келет, сыйлыгын кут болсун Айсулуу
02.02.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин агаларыбыз да бар экен Нияз аке Нурбек аке ийгилик силерге )
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: