super.kg logo

Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун кызматтарына MegaPay аркылуу төлөңүз

 

Акцияларынын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык болгон MEGA мобилдик оператору кыргызстандыктарга максималдуу ыңгайлуулук жана убакытты үнөмдөө үчүн MegaPay кызматын жигердүү жакшыртууну жана мобилдик тиркемеге мындан да көп мамлекеттик кызматтарды интеграциялоону улантууда.

Эми чет өлкөдөн мыйзамдуу жана коопсуз жумушка орношуу мурдагыдан дагы оңой болуп калды. Мамлекеттик оператордун мобилдик тиркемесинде жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматтары үчүн төлөм жеткиликтүү.

MegaPay аркылуу кандай кызматтарды төлөөгө болот:

  • чет өлкөдө жумуш табууга көмөк көрсөтүү;
  • каттоо жана кайра каттоо;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан иш-аракеттерге уруксаттар;
  • Россия Федерациясынын кара тизмеси - бул кызматтын жардамы менен сиз Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу күчүндө же жокпу, БЕКЕР текшере аласыз.

Кызматты кантип колдонуу керек?

  • “кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүндө “Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору” дегенди басып, төлөгүңүз келген кызматты тандаңыз;
  • салыктын идентификациялык номерин, уюмдун аталышын, төлөмдүн суммасын киргизиңиз жана төлөмдү ырастаңыз.

Даяр!

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссия 10 сомдон 20 сомго чейин.

Эскерте кетсек, кыргызстандыктар Россияда, Казакстанда, Түркияда, Германияда, Японияда, Перс булуңундагы мамлекеттерде, Египетте жана айрым Европа өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө иштей алышат. 25 гана штат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору аркылуу Улуу Британия жана Түштүк Кореяга жумушка орношо аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: