Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолукту

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуу Баткен шаарында өттү. Анда облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, чектеш жайгашкан район, шаар башчылары да катышты.

Облус башчылары алгач алдыда келе жаткан Курман айт майрамы менен бири-бирин куттуктап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы ар дайым тынчтыктын, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын чек арасы болушуна тилектештигин билдиришти. Аны менен катар жаңыдан кызматка дайындалган облустук укук коргоо органдарынын жетекчилерин тааныштырышты.
Тараптар эки облустун аймактарында тынчтыкты камсыз кылуу багытындагы биргелешкен иш аракеттерди талкуулашты. Облус башчылары коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча облустун күч түзүмдөрүнө тапшырмаларды берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.