super.kg logo

Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү  менен жолугушту

 

Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, баарлашуу учурунда Асел Чынбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин биргелешкен бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамасына сунуштарын ишке ашыруу процессине бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык органдарды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандагы балдардын абалын жакшыртууга багытталган кызматташуунун башкы маселелерин, ошондой эле жакынкы жылдарга өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин биргелешкен бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамасына сунуштарын ишке ашырууну жана мониторинг жүргүзүүнү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ден соолугунан майыптыгы бар балдардын мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү талкуулашты.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын камсыз кылуу боюнча жаңы ыкмалар, анын ичинде санариптештирүү жана билим берүү тутуму үчүн туруктуу санарип платформасын түзүү талкууланды.

Соңунда Асел Чынбаева бул балдардын укуктарын коргоо тутумунда өзөктүү өзгөрүүлөрдү түзүү процессинин негизги учуру деп эсептеп, жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууга ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: