Камчыбек Ташиев Жаңы-Арыктагы мечиттин ачылышына катышты





Муфтий Абдулазиз Закиров Кара-Суудагы реконструкция болгон "Азатбек ажы" мечитинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Кечээ, 14-июнь күнү муфтий Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы реконструкциялоодон өткөн "Азатбек ажы" мечитинин ачылыш аземине катышып, келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды Курман айт майрамы менен куттуктап, жума баянында курмандык чалуу темасында баяндама жасады.
Мечит реконструкция болгонго чейин 350 адамга гана ылайыктуу болгон болсо, бүгүн сыйымдуулугу 1000 адамга жеткен заманбап мечитке айланды.
"Азатбек ажы" мечити Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Бул болсо, жергиликтүүлөрдөн сырткары, жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуулук жаратат. Мечиттин бир бөлүгүндө аялдар үчүн каралган намазкана да жайгашкан. Курулуш иштери толугу менен Равшан Сабиров тарабынан каржыланган.
"Саамалыкка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, муфтий Абдулазиз Закиров, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла Кадырбердиев, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын соңунда "Анаркан ажы эне" ислам окуу борборунун курулушуна капсула салуу жөрөлгөсү аткарылып, мамлекет, эл үчүн бата кылынды", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.