"Евро-2024": Албания турнирдин тарахындагы эң ылдам голду жаратты (видео)
Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунда Албания курамасынын жарым коргоочусу Недим Байрами чемпиондуктун тарыхындагы эң ылдам голду киргизди.
Ал мындай рекордду Италия курамасына каршы болгон оюнда жаратты. Ал калыстын ышкырыгы жаңыргандан 22 секунд өткөндө Италиянын дарбазасына гол киргизип, рекорд жаңылады.
Буга чейинки рекорд Орусия курама командасынын мурдагы оюнчусу Дмитрий Кириченкого таандык болчу. Ал 2004-жылы Европа чемпиондугунда Греция менен болгон беттеште 68-секундда гол киргизген.
Беттеш 2:1 эсебинде Италиянын жеңиши менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.