Орусияда туткундар абактын кызматкерлерин барымтага алышып, ультиматум коюшту
Орусиянын Ростов облусундагы СИЗОдо туткундар абак кызматкерлерин барымтага алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жеринде көп сандаган полиция, "Тез жардам", прокуратура кызматкерлери жүрүшөт. Учурда барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча кызматкерлерди барымтага алгандар терроризм боюнча айыпталгандар. Алар абактын жетекчисин дагы барымтага алып алышкан.
Жерине Москвадан дагы кошумча күч тартылды. Учурда Ростов-на-Дону шаарынын борборунда унаа кыймылы үчүн чектөө кирди.
Маалыматтар боюнча, СИЗОдо адамдарды барымтага алган кылмышкерлер автоунаа, курал-жарак жана СИЗОдон чет мамлекетке чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.