super.kg logo

"Акиев, Сайпудинов". Орусияда абактын кызматкерлерин барымтага алгандар кимдер экени белгилүү болду

 

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы абактын кызматкерлерин барымтага алгандар терроризм боюнча айыпталып камакка алынган кылмышкерлер болгон. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Абак кызматкерлерин туткунга алып, ультиматум койгондор:

1) Сайпудинов М.Ш. (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнүн 162-пункту);

2) Цицкиев А.М. (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү);

3) Камнеев Д.В. (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгү);

4) Гиреев Т.М. (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү);

5) Акиев Ш.А (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү).

Алтынчы баскынчынын өздүгү азырынча тактала элек.

Гиреев, Цицкиев жана Акиев 2023-жылы декабрда теракт даярдаганы (Карачай-Черкес Республикасынын Жогорку Сотунун имаратына кол салууну пландашкан) үчүн соттолушкан. Гиреев менен Акиев 18 жылга, Цицкиев 18 жарым жылга эркинен ажыратылган.

Бүгүн таңга жуук Гиреев, Акиев жана Цицкиев СИЗОнун камерасындагы терезенин темир торлорун талкалап, нөөмөт бөлүмүнө кирип келишкен. Ал жерден алар абактын кызматкерлерин барымтага алышкан.

Учурда алар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Баскынчылар абактан чет мамлекетке чыгып кетүү үчүн ультиматум коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: