super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Асфальт басылганына 7 ай гана болду". Тургун Арал-Мундуз унаа жолунун абалына нааразы

 

Асфальт басылган Арал-Мундуз унаа жолу кайра оңдоого муктаж. Мындай маалыматты жергиликтүү тургун ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлап, жолдун абалын чагылдырган видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, аталган жол Сузак районундагы Муңдуз айылын район борбору менен байланыштырган негизги жол.

"Арал-Мундуз унаа жолуна 7 ай мурун эле асфальт басылган. Тагыраагы, жол 2023-жылдын ноябрь айында жасалган болчу. Көп өтпөй апрель айында жолдун көп жерлеринде аң-чөнөктөр пайда болуп, май айында жамап кетишкен эле. Бирок мына кайрадан жолдо чуңкурлар пайда болууда. Айыл эли бул жол менен райондун борборундагы базарга, ооруканага катташат", - деди ал.

Жергиликтүү тургун аталган жолдо мурун шагыл гана болгонун, асфальт кийин гана төшөлгөнүн кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






17.06.24

17.06.24

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: