super.kg logo

Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн шарттарын атады

 

Эгерде Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн эл аралык тааныган чек аралардын алкагында сыйласа, Киев Москва менен эртең эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Владимир Зеленский Швейцариянын Бургенсток шаарында өткөн тынчтык саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

"Орусия өзү каалайбы же дүйнөлүк коомчулук ага мажбурлайбы, бул биз үчүн маанилүү эмес. Жыйынтык биз үчүн маанилүү – бул согуштун аякташы", - деди Украинанын президенти.

Ал ошондой эле Москванын кийинки тынчтык саммитине катышуусуна токтолуп, Орусиянын катышуусу алар тынчтыкты каалап, согушту токтотууга даяр экенин билдирет деди.

Өткөн аптада орус президенти Владимир Путин ок атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөргө өтүү боюнча өзүнүн шарттарын белгилеген.

Кремлдин талаптарына ылайык, Украина Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан аскерлерин чыгарып кетүүсү, бул аймактардагы Орусиянын суверенитетин таануу, Украинага басып кирүүгө байланыштуу Москвага каршы киргизилген бардык санкцияларды алып салуусу жана НАТОго кошулам деген дымагынан баш тартуусу керек болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: