"Евро-2024": Украина Бельгия менен Румыниянын желегин чаташтырды
Украинанын футбол ассоциациясы улуттук кураманын формасына Бельгиянын желегин басып чыгарды. Бүгүн, 17-июнда Украина курама командасы "Евро-2024" турниринин тайпалык баскычында Румыния менен беттешет.
Оюн алдында Украина беттешке кийе турган формасын жарыялаган. Анда Румыниянын эмес, Бельгиянын желеги түшүрүлгөн.
Белгилей кетсек, Бельгия менен Румыниянын желегин бир эле түс айырмалап турат. Тагыраагы, Бельгияда кара түс бар болсо, Румынияда ошонун ордуна эле көк түс бар.
Украина Румыния беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.