Газада израилдик аскерлердин колунан дагы бир журналист набыт кетти
Дүйшөмбү күнү Газа тилкесинде жергиликтүү журналист израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнүн жергиликтүү бийлик билдирди. Муну менен өткөн жылдын 7-октябрынан бери каза болгон массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин жалпы саны 151ге жетти.
Маркум Махмуд Касем жергиликтүү маалымат агенттиктеринин биринде иштеген. Бирок билдирүүдө анын кантип жана кайдан өлтүрүлгөнү айтылган эмес.
24-майда баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму Израилдин журналисттерге каршы согуш кылмыштары үчүн Эл аралык кылмыш сотуна үчүнчү арызын тапшырганын билдирди.
Эл аралык сот Израилди геноцид кылууда деп айыптап, акыркы чечиминде Тель-Авивге түштүктөгү Рафах шаарындагы операцияларын токтоосуз токтотууга буйрук берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.