ЭЛДИК КАБАРга жооп: Тар салынганы айтылган көпүрө астындагы жол оңдолмой болду
Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан көпүрө астындагы жол жарандар үчүн кооптуу абалда экенин айткан.
Ал "жолдун капталындагы бетон шыбактар суу тийип көөп, урап жатат. Кулаарына аз эле калды. Бул жол менен окуучулар дагы өтүшөт. Тийиштүү органдар тезинен чара көрбөсө, өтө кооптуу абалда. Эртең бирөө кырсыктап, жабыркабашы керек", - деген.
Аталган маселе боюнча Бишкектин Ленин райондук администрациясына кайрылганыбызда ал жерде жакынкы убактарда оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдашты.
"Жаш Гвардия менен Лев Толстой көчөлөрүндөгү көпүрө астындагы жолду реконструкциялоо пландаштырылууда. Ал Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен (жол тармагын өнүктүрүүнүн III фазасынын алкагында) ишке ашат.
Бүгүнкү күндө долбоорлоо иштери жүрүп жатат. «Бишкекасфальтсервис» мамлекеттик ишканасына тосмо конструкцияларды демонтаждоо боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилет", - деп билдиришти мекемеден.

