super.kg logo

ИИМ башчысы Ниязбеков академиянын 100 бүтүрүүчүсүн куттуктады

 

Бүгүн, 18-июнда Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы академиясында салтанаттуу бүтүрүү аземи болуп өттү. Бул туурасында мекеменин маалымат бөлүмү кабарлады.

Маалымдагандай, быйыл окуу жайды 100 курсант аяктап жатат, алардын ичинен бешөө артыкчылык дипломдорун алышты.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, генералдар жана ардагерлер, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Жаш офицерлерге министр Улан Ниязбеков куттуктоо сөздөрүн айтып, “Академиянын курсанты” деген макамды чыдамкайлык менен басып өтүп, “Кыргыз милициясынын” кызматкери деген - ары татаал, ары кооптуу, жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу милдеттерди аркалоого бел байлап жаткандыгын сыймыктануу менен белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: