super.kg logo
  Саясат  

"Биз жашадык го 2000-жылдары". Депутат 1227 сомдук айлыкка ишенген жок

 

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев 2000-жылдары орточо айлык 1227 сом болгон деген маалыматка ишенбей турганын айтты.

Жыйында "Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралып жаткан.

"2000-жылы орточо айлык акы 1227 сом. Мындай төмөн орточо айлык акы эсимде жок. 2023-жылы 31 миң дейт. Демек, 26 эсе өсүптүр. Сиздерге эмне кереги бар мындай маалыматты бериштин. Көрсөтүш үчүнбү? 1200 сом деген айлык болгон эмес, 2000-жылы болсо дагы. Мындан өйдөрөөк болчу. Биз жашадык го 2000-жылдары", - деди ал.

Буга финансы министринин орун басары Руслан Татиков "чындыгында 2000-жылдары ошондой болгон" деп жооп берди.

"Мен 2006-жылы Финансы министрлигине келгенде айлыгым 1600 сом болчу", - деди Татиков.

Масалиев бул маалыматты тактоо керектигин айтты.






Жогорку Кеңеш 18.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: