super.kg logo

ИИМ: “Нелегал-Трафик” ыкчам алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү

 

Ички иштер министрлиги Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан “Нелегал-Трафик” ыкчам алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлгөнүн билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чара Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими менен бекитилген "Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин иш-чаралар планына" ылайык, Кыргызстандын аймагында ички иштер органдары тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет.

3-9-июнь күндөрү өткөрүлгөн ыкчам алдын алуу жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүдөй иштер аткарылды.

Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпысынан 1352 укук бузуу аныкталган, анын ичинен:

- Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу – 15;
- Чек арадагы эмгек мигранттары тарабынан Кыргызстандагы эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин бузуу – 87;
- Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстанга чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын болуусунун белгиленген тартибин бузуу – 251;
- Чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргызстанда болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн же транзиттик жүрүштүн эрежелерин бузуу - 960;
- Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 39 факты аныкталды.

Ошондой эле мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 2 факты, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 7 кылмыш аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө 2 ок атуучу курал алынды. Жалпы суммасы 6 миллион 771 миң сом айып салынды.

Андан сырткары операциянын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ЭММКАКтын кызматкерлери мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекеменин мыйзамсыз ишин аныкташып, токтотушкан. Анда жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө диний сабактар уруксаты жок окутулган. Аталган мекеме толугу менен жабылып, таалим алгандар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Анда чет мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган укук бузууларды, ошондой эле аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында болуу тартибинин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: