super.kg logo

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун коопсуздугун Кыргызстан көзөмөлдөйт

 

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагынан өткөн бөлүгүнүн коопсуздугун кайсы тарап карай турганына кызыкты.

Жыйында "2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргызстан Министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

Депутаттын айтымында, бул долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп баштаганда коопсуздук жагын Кытай мамлекети көзөмөлдөйт деген сөздөр болгон.

"Бул келишим бир топ жыл мурда башталганда коргоо мүмкүнчүлүгү Кытай тарапка берилери айтылган. Азыр кандай болот? Ким коргойт темир жолду?" - деди ал.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев темир жолдун коопсуздугуна кыргыз тарап жооп берерин айтты.

"Келишимде Кыргыз мамлекети коопсуздугуна кепилдик алат деп көрсөтүлгөн. Азыркы учурда "Кыргыз темир жолунун" өзүндө аскерлештирилген сакчы кызматы бар. Кыргызстандын мыйзамдары менен биздикилер коргойт", - деди Бариев.






Жогорку Кеңеш 18.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: