super.kg logo
  Саясат  

2013-жылдын эң ийгиликтүү адамы 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон болду

 
Amazon онлайн-ритейлеринин негиздөөчүсү жана аткаруучу директору 49 жаштагы Джефф Безос.
Facebook коомдук тармагынын түзүүчүсү 29 жаштагы Марк Цукерберг.
2013-жылы эң көп акча иштеп тапкан 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон.
“Форбс” журналынын эсеби боюнча, 2013-жылы эң көп акча иштеп тапкан 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон болуп чыкты. Ушул жылы анын кирешеси 15 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу кечээ, 23-декабрда, чет элдик басма сөз каражаттары билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Шелдондун бир күндүк кирешеси 41 миллион доллар чамасында болду.  Ал Лас-Вегастагы жана Сингапурдагы казинолор жана отелдер тармагынын ээси. Шелдондун байлыгы 37 миллиард доллар деп бааланат. 
Рейтингдин экинчи орунуна болсо Facebook коомдук тармагынын түзүүчүсү, 29 жаштагы Марк Цукерберг жайгашты. Бул жылы анын капиталы 13,6 миллиард долларга көбөйгөн.  Анын жалпы капиталы - 25,8 млрд долларга барабар. 
Үчүнчү орунду дүйнөдөгү эң ири Amazon онлайн-ритейлеринин негиздөөчүсү жана аткаруучу директору, 49 жаштагы Жефф Безос ээледи. 2013-жылы ал 13,3 миллиард доллар киреше тапкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: