super.kg logo
  Спорт  

"Евро-2024": Түркия укмуштуудай беттеште жеңишке жетти

 

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында Түркия жеңишке жетип, тайпадагы алгачкы үч упайын алды.

Оюн Дортмунд шаарындагы "Сигнал Идуна Парк" стадионунда өтүп, 3:1 эсебинде Түркиянын жеңиши менен аяктады.

Беттештеги алгачкы гол 25-мүнөттө ачылды. Анда түрк футболчусу Мерт Мюлдур гол жаратты. Бир мүнөттөн кийин эле Кенан Йылдыз атаандашынын дарбазасына экинчи голду киргизди, бирок VAR системасы офсайд абалын жазып, голду жокко чыгарды.

32-мүнөттө Грузия курама командасынын чабуулчусу Жорж Микаутадзе Георгий Кочорашвилинин пасы менен эсепти теңеди. 65-мүнөттө Түркия курама командасынын жарым коргоочусу Арда Гүлер алыскы аралыктан кооз сокку узатып, топ дарбазага таамай барып, эсеп 2:1 болду. Калыстын кошуп берген кошумча мүнөтүндө алмашууга чыккан Керем Актүркоглу бош дарбазага гол киргизип, беттешке чекитти койду.

Жыйынтыгында Түркия 3:1 эсебинде жеңишке жетип, тайпадагы алгачкы 3 упайын алды.

"Евро-2024" турниринде Түркия жана Грузия курама командалары Португалия жана Чехия менен бирге "F" тайпасында жайгашкан.

Эске сала кетсек, Грузия плей-офф баскычында Люксембургду жана Грецияны утуп, тарыхында биринчи жолу Европа чемпиондугунун финалдык бөлүгүнө чыкты. Түркия өз кезегинде турнирдин тайпалык баскычына алтынчы жолу чыгып жатат. Бул аралыкта команда үчүн эң жакшы жыйынтык 2008-жылга таандык. Анда түрктөр коло байге утушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: