super.kg logo

АКШда ырчы Жастин Тимберлейк кармалды

 

Нью-Йорктун полициясы белгилүү америкалык ырчы жана актёр Жастин Тимберлейкти мас абалында унаа айдаганы үчүн камакка алды. Ырчыга сотто расмий айып тагылып, андан соң бошотулган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Тимберлейк Нью-Йорктун таанымал жайкы эс алуу жайы болгон Лонг-Айленддеги Саг-Харбор шаарында камакка алынган.

"Ырчы шейшемби күнү кечинде BMW 2025 үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, токтотуу белгисинен өтүп кеткен. Андан кийин ал унааны өз тилкесинде кармай алган эмес. Муну полиция кызматкери байкап калып, унааны токтотуп, ырчыны камакка алган. Тимберлейк жакын арада окуя боюнча расмий билдирүү таратары күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

43 жаштагы Тимберлейк өзүнүн алтынчы альбому чыккандан кийин дүйнөлүк турненин алкагында ушул аптада гастролдо болмокчу. Кийинки концерт ушул жума күнү Чикагодо өтө тургандыгы кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: