ЭЛДИК КАБАРга жооп: Сузакта 7 ай мурун асфальт басылган жол кайра оңдолмой болгон




ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман асфальт басылган Сузактагы Арал-Мундуз унаа жолу кайра оңдоого муктаж деген. Анын айтымында, аталган жол Сузак районундагы Мундуз айылын район борбору менен байланыштырган негизги жол.
"Арал-Мундуз унаа жолуна 7 ай мурун эле асфальт басылган. Тагыраагы, жол 2023-жылдын ноябрь айында жасалган болчу. Көп өтпөй апрель айында жолдун көп жерлеринде аң-чөнөктөр пайда болуп, май айында жамап кетишкен эле. Бирок мына кайрадан жолдо чуңкурлар пайда болууда. Айыл эли бул жол менен райондун борборундагы базарга, ооруканага катташат", - деген ал.
Окурмандын кайрылуусуна Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жооп берип, ички чарбалык жол 2023-жылы асфальтталганын тастыкташты.
"Арал-Мундуз унаа жолу Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жол. 2023-жылы мамлекеттик капиталдык салымдарга Жол чарба департаменти тарабынан киргизилип, ЖЧК "Экспорт Плюс" тарабынан асфальтталган. РО-6 жана Жалал-Абад филиалы тарабынан текшерилип, дефектный акт түзүлгөн жана ЖЧК "Экспорт Плюс" өз эсебинен кетирилген кемчиликтерди оңдоого милдеттендирилген", - деп билдирди аталган министрликтен.

