super.kg logo

Муфтият ажылыкка кеткен кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сауд Арабиясына ажылык сапарга кеткен кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Кыргыз жарандары үчүн ажылык сапары жакшы өттү, алар 22-июндан тарта өлкөгө кайтып башташат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Кыргызстандан 6060 жаран ажылык сапарга жолдомо алган.

"Кыргызстандык жарандардын ажылык сапары абдан жакшы өттү. Анткени ажылык сапар башталар алдын 6060 жараныбызга инструктор жөнөтүп, ал жактын аптаптуу ысык болорун, быйылкы жылы сапар ысык күндөргө туш келип жаткандыгын түшүндүрүп, сабактар өтүлгөн.

Кудай буюрса, ажылык амалдар толук аткарылып бүтүп, азыр мекенине кайтуу алдында турат. Алар 22-июндан тарта өлкөгө кайта башташат", - деп билдирди муфтияттан.

Ошондой эле ысыктан улам каза болгон зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин маалымдашты.

"Кудайга шүгүр, баары жакшы, аман-эсен", - дешти муфтияттан.

Эл аралык басылмалар Сауд Арабиясында ажылык учурунда кеминде 550 адам каза болгонун жазып жатышат. Быйыл 17-июнда Мекке шаарындагы мечитте абанын температурасы +51,4 градуска жеткендиги айтылууда. Меккеге дүйнөнүн ар бурчунан ажылык сапар үчүн 1,5 миллиондон ашуун мусулман барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: