Чоң-Алайдагы жол кырсыкта айдоочу жана үч жүргүнчү көз жумду
Оштун Чоң-Алай районунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул туурасында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 18-июнда Сары-Таш-Карамык жолунда катталган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер карама-каршы багытта келе жаткан Дэу Нексия унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Дэу Нексиянын айдоочусу жана үч жаран көз жумган.
Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
19.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.