"KG Групп” курулуш компаниясы курган үйлөрдүн жашоочуларына уруксат кагаздары берилди
Мамкурулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “KG Групп” курулуш компаниясы курган үйлөрдүн жашоочуларына уруксат кагаздарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда аталган агенттиктен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Абай 7а дарегинде жайгашкан “Сейтек”, А.Токомбаев 33, 33а дарегинде жайгашкан “Датка ордосу” жана Куйручук 26, 26/1 дарегинде жайгашкан “Шабдан” турак жай комплекстеринин жашоочуларына курулуп бүткөн объекттин эксплуатацияга берүүгө болгон актысы тапшырылды.
Белгилей кетсек, турак жай комплексттеринин уруксат кагаздары 2017-жылдан бери бүтпөй келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.