super.kg logo
  Саясат  

"Бишкек ЖЭБдин карызын ким төлөйт?" Энергетика министринин жообу

 

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мэриянын карамагына өткөн Бишкек ЖЭБдин карызын ким төлөй турганына кызыкты.

Жыйында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жаткан.

"Бишкектеги ЖЭБ 386 миллион доллар насыя алган. Эми ошол насыяны ким төлөйт? Мэрия төлөйбү, же Финансы министрлигиби?" - деди ал.

Энергетика министри Талаайбек Ибраев карызды мэрия эмес, өкмөт төлөй турганын айтты.

"Мамлекет "Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын, ЖЭБдин моюнундагы карыздарын мэрияга илбестен, өзүнө алып, тазалап берет", - деди Ибраев.

Эске салсак, 29-майда Бишкектеги бир катар объекттер, анын ичинде Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) мэриянын карамагына өткөрүлүп берилгени маалым болгон.






Жогорку Кеңеш 19.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: