super.kg logo

3 миңден ашык жаран иш менен камсыздалат. Баткенде соода-сатык коплекси курулууда 

 
Баткен шаарында заманбап муниципалдык соода-сатык коплексинин курулушу жүрүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 250 миллион сомду түзөрүн президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Комплексти куруу үчүн Чет-Булак аймагынын “Айгүл-Таш” көмөк чордону участкасынан 15 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Ал ишке берилсе 2500дөн 3500гө чейин жаран жумуш менен камсыз болот.
Долбоорго кеткен каражат Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 миллион сомдун эсебинен каржыланууда. Курулуш 2023-жылдын октябрында башталган.
Бүгүнкү күндө соода-сатык комплексинин “А” бөлүгүнүн пайдубалы түптөлүп, фермасы жасалды, учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Анын курулушун күз айларына бүткөрүү пландалган.
Ал эми 2024-жылга карата комплекстин “Б” бөлүгүнүн курулушуна даярдык көрүү жана казуу иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын аягына “А” жана “Б” блогун ишке берүү аракети жүрүүдө. Негизи объект үч сектордон турат.
Соода борборунда кийим-кечек, азык-түлүк, айыл-чарба, курулуш материалдар борборлору, тамактануу жана тейлөө жайлары, унаа базары, унаа токтоочу жайлары болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: