super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров бир катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “MINEX Central Asia” 10 тоо-геологиялык форумунун алкагында бир катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы британиялык "Concrete Canvas Ltd" компаниясынын өкүлү Даррен Хьюз менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Бишкекте өндүрүш ачуу, мындан аркы инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.

Андан ары британиялык “SRK Consulting” компаниясынын башкаруучу директору Доктор Тим Лакс менен жолугушуу болду. “SRK Consulting” эл аралык консалтинг компаниясы болуп саналат, негизинен тоо-кен жана суу ресурстары секторлорунун кардарларына адистештирилген кеңештерди жана чечимдерди сунуштайт.

Жапаров белгилегендей, Министрлер кабинети өлкөнүн жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын сапаттуу баалоого жана аларды заманбап технологияларды, жабдууларды, инвестицияларды пайдалануу менен рационалдуу иштетүүгө, ошондой эле экологиялык жогорку талаптардын сакталышын эске алууга кызыкдар. Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Форумдун алкагында министрлер кабинетинин башчысы "Metso" компаниясынын президенти Марку Терасвасара менен сүйлөштү. Финляндиялык компания металл эмес материалдарды өндүрүү, минералдык кайра иштетүү жана металлургия тармактарында колдонулган туруктуу технологиялар, комплекстүү чечимдер жана кызматтар боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Маектешүүдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров “Boston Consulting Group” эл аралык консалтинг компаниясынын башкаруучу директору жана өнөктөшү Андрей Навицкий менен жолугушту. Учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте тармакты өнүктүрүү жана сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү стратегиясы иштелип чыгууда.

Ошондой эле ал "Чаарат Голд Холдингс Лимитед" компаниясынын жетекчилиги менен ишкананы өнүктүрүүнүн келечегин жана Чаарат алтын кенин иштетүү боюнча мындан аркы пландарды талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: