super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы кызматташтык маселеси талкууланды

 

Бонн шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын чет өлкөдөгү мектептик билим берүү боюнча борбордук кеңсесинин жетекчиси Хайке Толедо менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Ал эми Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда немис тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоо жана алдыңкы педагогикалык ыкмаларды, технологияларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Хайке Толедо ведомствонун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, немис тарап дагы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн:
Германиянын чет өлкөлөрдөгү мектептерде билим берүү боюнча борбордук ведомствосу 1993-жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде немис тилин окутууга колдоо көрсөтүп келет. Учурда Кыргызстанда “Келечектин өнөктөш мектептери” демилгесинин алкагында 6 мектепти окуу материалдары менен жабдуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана немис мугалимдерин Кыргызстандагы өнөктөш мектептерге жөнөтүү аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: