super.kg logo

Бишкекте спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандарга айып пул салынды

 

Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү уруксат кагаздары жок алкоголдук ичимдиктерди саткан объектилер текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, текшерүү иштерине мэриянын, Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, Ленин райондук мамлекеттик салык кызматынын жана Ленин РИИБинин өкүлдөрү катышты.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксаты жок жана шайкештик сертификаты жок алкоголдук продукцияларды сатуу фактылары аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Анда төмөндөгү чарбакер субъекттерге карата административдик чаралар көрүлүп, алкоголдук продукцияны алып коюшту:

- "Жалал-Абад" кафесинин ээсине 17 миң сом өлчөмүндө айып салынып, 18 даана алкоголдук ичимдик алынды;

- "Кыргызстан" дүкөнүнө 23 миң сом өлчөмүндө айып салынып, 71 даана алкоголдук ичимдик алынды;

- "Дилбар" кафесине 23 миң сом өлчөмүндө айып салынып, 72 даана алкоголдук ичимдик алынды;

- "Армин" дүкөнүнө 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, 80 даана алкоголдук ичимдик алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: