super.kg logo
  Саясат  

Бир жылда Эсептөө палатасынын материалдарынын негизинде канча кылмыш иши козголгон? Расмий жооп

 

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёту каралды. Анда эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Эсептөө палатасынын материалдарынын негизинде канча кылмыш иши козголгонуна кызыкты. Ага башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева кароонун жыйынтыгы боюнча 68 материал жөнөтүлгөнүн, анын негизинде 23 прокурордук акт келтирилип, 6,6 миллион сом зыяндын орду толтурулганын айтты.

Ал эми Арсланбек Малиев кирешелер менен чыгашалардын шайкештигин гана эмес, бюджеттик каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун да текшерүүнү, бул үчүн тиешелүү методиканы иштеп чыгууну сунуштады.

Жыйынтыгында Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёту канааттандырарлык деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: