Пхеньянга барган Путин Ким Чен Ынга дагы бир Aurus унаасын белек кылды
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын төрагасы Ким Чен Ын бири-бирине белек беришти. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ТАСС агенттигинеп билдирди.
Путин Түндүк Кореянын лидерине Aurus үлгүсүндөгү жаңы автоунаа, канжар жана чай наборун белекке берген. Өз кезегинде Ушаков Түндүк Корея тарап дагы Путинге белек бергенин айткан. Бирок Ушаков кореялыктар Путинге эмне белек бергенин так айткан эмес.
Ушул жылдын февраль айында Путин Ким Чен Ынга Орусияда жасалган Aurus автоунаасын белек кылганы кабарланган. Унааны Кореянын Эмгекчилер партиясынын Борбордук Комитетинин секретары Пак Чон Чхон жана Ким Чен Ындын эжеси Ким Ё Чен кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.