super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Рух-Ордого" билетти 150 сомго арзандатты

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы жаңыланган "Рух-Ордо" комплексине кирүү акысын арзандатты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында буга чейин "Рух-Ордого" кирүү 500 сом болгон. Нааразычылыктар болгондон кийин президент бааны 350 сомго түшүрүү чечимин кабыл алган.
“Рух ордого” кирүү үчүн ар дайым киши башына акча алынып келгенин, ал жакка мындан 3-4 жыл мурун баргандар жакшы билишет.
Ал кезде, билесиздер, аталган туристтик борборду жеке жактар иштетип келишкен. Кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин аны 500 сомго чыгарышкан. Жана бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турган.
“Рух ордо” мамлекеттин карамагына өтүп, документтештирүү жана башка жол-жоболору бүткөрүлүп, быйыл туристтерди жаңыдан кабыл ала баштаган. Көп өтпөй “Рух ордого” кирүү акысына (500 сомго) нааразычылыктарын да билдирип чыгышкандар болду.
Мындан улам, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын руханий азыктануусуна жеткиликтүү шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү.
"Акысыз эле кылып койсо болбойт беле" деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу обьектилерди бапестеп карап турууга, чеке-белин көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек", - деп билдирди Алагөзов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: