super.kg logo

"Бутумду эле салам". Сочиде толкун тартып кеткен кыздын акыркы сөздөрү белгилүү болду

 

Орусиянын Сочи шаарындагы пляжда деңиз толкуну тартып кеткен 20 жаштагы Диананын акыркы сөздөрү белгилүү болду. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Telegram каналдын маалыматы боюнча, кыз Лазаревское шаарына 15-июнда келип, эртеси эки досу менен Сочидеги барларга барган. Пляж жээгинде жөө сейилдеп жүргөндө ал бутун деңиздеги сууга салгысы келип жатканын айткан. Анын сүйгөнү Андрей катуу толкун болуп жатканын көрсөткөн, бирок кыз коркпой турганын айткан.

"Толкун сени тартып кетет, билесиңби?" деген ага жигити.

"Жок, тартпайт. Мен ал жерде бир мүнөттөй эле болом" деген Диана.

Бул сөздөрдөн кийин кыз толкунга бутун суулаган. Бирок дагы деңиз жакка басканда катуу толкун аларды жыгып, кызды андан ары тартып кеткен.

Тергөөчүлөр алардын досторун суракка алганда алар кыздын башы 5 мүнөттөй көрүнүп туруп, андан кийин жоголуп кеткенин айтышкан. Алар катуу толкундан улам коркуп, кыздын артынан бара албай калганын кошумчалашкан.

Куткаруучулар үч күндөн бери кызды деңизден издеп жатышат, азырынча майнап чыга элек.






Сочиде катуу толкун кызды деңизге тартып кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: