super.kg logo

Казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

 

Казакстандык ири бизнесмен Жуманбаев Владимир Викторовичке карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билидирди.

Маалыматка ылайык, Жуманбаев Кыргызстандын аймагына келип, анын катышуусу менен бир катар тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугу аныкталып, мурда тагылган айыптар алынган жана сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган.

Эске салсак, буга чейин УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланышы бар деген шек менен казакстандык ишкер, "Вертекс Голд" компаниясынын ээси Жуманбаев Владимир Викторовичке издөө жарыялаган. Буга байланыштуу "Казахмыс" компаниясы комментарий берип, Жуманбаевдин УКМКнын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн түзүмдөр менен эч кандай байланышы жок экенин айткан. Ошондой эле казак компаниясы ал укук коргоо органдарынан жашынбай турганын жана тергөөгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: