super.kg logo

Чолпон-Атанын депутаты бейбаштыкка шектелип кармалды

 

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Чолпон-Ата шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, шектүү 2022-жылы эч себепсиз эле аны травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтирген. Мындан улам соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган.

Шаар тургуну шектүү делген депутат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, ушуга чейин айткандан коркуп жүргөнүн айткан.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1979-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: