super.kg logo

eSIM Кыргызстанда. Оператордун кеңсесине баруусуз мобилдик байланыш менен интернет

 

Керемет көлдүн, бийик тоолордун жана National Geographic стилинде пейзаждардын өлкөсүнө саякатыңыз дүйнө жүзү менен бөлүшө турган эң сонун таасирлерди жаратсын! Бул үчүн байланыш оператору менен мобилдик интернет түйүнүн туура тандашыңыз керек.

О! мобилдик оператору – Кыргызстандагы eSIMди онлайн алуу мүмкүндүгүн берген жалгыз оператор. Бул 4G түйүнүн камтуу зонасы калк жашаган аймактын 99,6%ын ээлеген өлкөнүн ири мобилдик оператору.

Инновациялык технология Кыргызстанга келгенге чейин эле eSIMди алыстан сатып алып, ылайыктуу түзүлүштөргө кошуу мүмкүндүгүн берет. eSIMди «Мой О!» тиркемесинен кошуп алуу жетиштүү жана оператордун кеңсесине барууга убактыңыз коробойт. Өлкөгө келер замат байланыш кызматтарын колдоно аласыз.

eSIMди кантип алса болот?

«Мой О!» тиркемесин көчүрүңүз жана смартфонуңуз eSIM технологиясы менен иштей турганын текшериңиз (маалымат түзүлүшүңүздүн ырастоолорунда орун алган).

Кийинки кадамдарды аткарыңыз:

1.«Мой О!» тиркемесин ачып, «О! абоненти болуу», андан соң «Киришүү» баскычын басыңыз;

2. Номерди, тарифти тандап, паспорт менен каттоо процедурасынан өтүңүз;

3. Тандалган опцияларды ыңгайлуу жол менен төлөңүз;

4. eSIMди активдештирүү үчүн электрондук почтаңызга келген уникалдуу QR-кодду колдонуңуз.

Керегиңизге жарасын!

Туристтер үчүн «БААРЫНА ЧЕКСИЗ» тарифи ылайыктуу. Төлөөнүн 1 жумалык же дароо 4 жумалык формасын тандасаңыз болот. Тарифти o.kg сайтынан тандаңыз.

Эгер кандайдыр бир суроо жаралса, күнү-түнү иштеген О! кардарларын Колдоо кызматына кайрылыңыз:

  • WhatsApp: +996 705 700 700,
  • Telegram: @o_mobile_operator_bot,
  • o.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу,

· ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр менен.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КРМБТ караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: