super.kg logo
  Саясат  

ААР боюнча мыйзам долбоорлору дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды

 

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлору дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Депутат Камила Талиева өкмөт мүчөлөрүнүн убактысын албай, талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштады. Ал эми Надира Нарматова аталган мыйзам долбоорлорун колдой турганын айтып, бирок өргүүгө кетердин алдына өкмөт менен башка да маселелерди талкуулап алууну сунуштады.

Бул сунушка эл өкүлү Эмил Токтошев каршы чыкты.

"Бүгүн эң маанилүү мыйзамды карап жатабыз. Өкмөттүн 40тан ашуун мүчөлөрү келди. Элдин баары карап турат. Биз колдобойбуз деген жокпуз, болгону суроолорду берип, кеңири талкуулайлы. 7-чакырылыш элдин эсинде "колдоп коёлу, талкуулабай эле коёлу" деген сөздөр менен калмай болдук. Биздин нотариустан айырмабыз жок болуп калды. Суроо бербей турган болсок, эмнеге отурабыз анда? Төрага өзүңүз эле кол коюңуз, кете берсин да. Бул эмне дегендик?" - деп нааразы болду.

Токтошевди кесиптеши Исхак Масалиев да кубаттап, Талиевадан сунушун артка чакыртып алууну өтүндү. Жыйынтыгында төрага Нурланбек Шакиев биринчи сунушталган Талиеванын сунушун добушка койду. Ага 52 депутат макул болсо, 14ү каршы чыкты. Ошентип аталган мыйзам долбоорлору суроо-жоопсуз добуш берүүгө коюлуп, 76 депутаттын макулдугу менен дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: