Министрлик ID карттарга бекер акция боюнча билдирүү таратты

Ведомство эски документтер коопсуздук жана ыңгайлуулук жагынан азыркы замандын талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.
"Анын алкагында 1-июлдан 31-августка чейин жарандар үчүн каалаган себеп менен (жоголгондугуна, бузулгандыгына же аты-жөнүн өзгөрткөндүгүнө байланыштуу) акысыз жана өз каалоосу менен документ алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы ID-карттар биометрикалык маалыматтарга жана актуалдуу жеке маалыматтарга ээ. Муну менен жаңы документ колдонууда коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздайт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров жакында ID-карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүрө турганын билдирген.
Маалымат үчүн: 2004-жылкы сары түстөгү AN үлгүсүндөгү ID-карттарды гана алмашууга мүмкүн. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттар алмаштырууну талап кылбайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.