super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров VII чакырылыштын депутаттары тарыхта каларын айтты (видео)

 

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров VII чакырылыштын депутаттары тарыхта каларын айтты.

Жапаров муну VII чакырылыштагы депутаттардын багына ири долбоорлордун тагдырын чечүү туш келгени менен түшүндүрдү.

"Урматтуу депутаттар, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи сыяктуу кылым курулуштары болгон тарыхый долбоорлорунун тагдырын чечүү сиздер менен биздин тушубузга келген экен. Сиздер ушуну менен тарыхта каласыздар. Жаратман парламент деген атка каласыздар деп ишенем... Убагында Пётр I Европага терезе ачты деп даңазаланган сыяктуу дүйнөлүк рынокко жол ачкандар сиздер жана биз болдук деп эсептейм", - деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы эки ири долбоор тең коммерциялык курулуштар экенин, андыктан өлкөнүн тышкы карызы көбөйбөй турганын белгиледи.






Жогорку Кеңеш 20.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: