Казакстан Борбор Азиядан келген дипломаттарды окутат




Казакстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу “KazAID” эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Казакстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте “Достук-дипломатия” программасынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын дипломаттары үчүн “Аймактык кызматташтык: Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу жана суу дипломатиясы маселелери” семинарын өткөрүүдө. Программа өз өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга катышкан дипломаттар үчүн иштелип чыккан.
2024-жылдын 10-июнунан 12-июнуна чейинки аралыкта Казакстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Борбордук Азиядан 15 дипломат ТӨМ жана суу дипломатиясын ишке ашыруу боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоого багытталган тренингге катышты.
Программа туруктуу өнүгүү жолу, өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын ролу, Борбордук Азия өлкөлөрүндө ТӨМдөрдү ишке ашырууда милдеттердин өз ара байланышынын маанилүүлүгү, суу ресурстарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу тематикалык сессияларды камтыйт.
Баяндамачылар Эл аралык Аралды куткаруу фондунун аткаруу комитетинин, Экономикалык изилдөө институтунун өкүлдөрү жана Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары болушту. Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мыкты тажрыйбаларды алмашуу аркылуу аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө маанилүү салым болду.
Семинар жана маданий программа KazAIDдин каржылык колдоосунун аркасында өттү.

