Айсулуу Тыныбекова кыялы орундалганын айтты
Айсылуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына кыялы орундалганын жазып, Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кел-Сууда жүргөн видеосу менен бөлүштү.
"Мен азыр спорт аркылуу ушул даражага жеткениме, жердештеримдин сый-урматына ыраазы болдум. Кел-Сууга баруу менин ар дайым кыялым болчу. Мага ишенип, кыялыма жетүүгө жардам берген адамдардын колдоосунун аркасында ушул жылы ишке ашты. Бул сыйкырдуу жер өзүнүн кооздугу менен таң калтырды. Биздин өлкө кооз жерлерге бай. Ошондуктан жыл сайын Кыргызстаныбыздын көрө элек жерлерин өзүм үчүн ачууну максат кылып койдум", - деп жазган ал.
Ошондой эле спортчу айым келечектеги муундар үчүн өлкөнүн кооз жерлерин сактоо зарыл экенин белгилеген.
20.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.