super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алиев төрага Шакиевге "сыйыңарга муктаж эмесмин" деп айткан сөзүнө түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев парламенттин кечээги отурумунда айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

Алиев айтылган сөз жалпы парламентке тиешеси жок экенин, эки кесиптешинин дарегине гана айтылганын билдирди.

"Конкреттүү түрдө 2 кесиптешибизге айтылган сөз болчу. Алар өздөрү деле билишет. Мындан ары ошентип регламентти бузган кесиптештерибиздин жоопкерчилигин карашыбыз керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, Алиев кечээ ага сөз кезеги келгенде төрага Нурланбек Шакиев башкаларга сөз берип салганына нааразы болуп, парламентте бардыгы бирдей экенин айткан. Ачууланган эл өкүлү "мен силердин сыйыңарга муктаж эмесмин" деп айткан болчу.






Жогорку Кеңеш 20.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: