Эверест чокусун багыдырган альпинисттер күйөрмандары менен жолугушту




Бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталынын маалымат-борборунда дүйнөнүн эң бийик чокусун багынткан альпинисттер Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилкан жана Илим Карыпбеков күйөрмандары менен бейформал жолугушту. Анда келген конокторго суроо берип, кенен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Альпинисттер Эверест чокусун багындырууга кеткен каражаты, альпинизмдеги түшүнүктөр, даярдык көрүү, окуу борборлору туурасында кенен маалымат берди.
Белгилей кетсек, Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималайдагы (Непал) Лхоце жана Макалу чокуларын кычкылтек колдонбостон багындырып, рекорд жаңырткан. Бул маанилүү окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.
Буга чейин Эвересттин чокусун багындырган Кадыр Сайдилкан деңиз деңгээлинен 8516 метр бийиктикте орун алган Лхоце чокусуна чыгып, ал жерге 4 килограммдык «Манас» эпосун көтөрүп чыккан.
Ал эми Илим Карыпбеков Эвересттин чокусуна чыгып, бул бийиктикти багындырган үчүнчү кыргызстандык болду.
Эске салсак, ушул жылдын 11-апрелинде президент Садыр Жапаров альпинист Эдуард Кубатовду кабыл алып, Кыргызстандын желегин тапшырган. Ошондой эле спорттун бул түрү мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын баса белгилеп, альпинисттерге ийгилик каалап сапарга узаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.