"Өлүм менен өмүрдүн мизинде жүрөсүң". Альпинисттерге канча чыгым кетет?
Бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталынын пресс-борборунда дүйнөнүн эң бийик чокусун багынткан альпинисттер Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилкан жана Илим Карыпбековдун күйөрмандары менен бейформал жолугушуусу болду. Анда алар чокуларды багындыруудагы даярдыктар жана кеткен чыгымдар боюнча айтып беришти.
Илим Карыпбеков суроолорго жооп берип жатып, “КТРдеги бардык каражатты жеп алсам да, бара албайт болчумун” деп тамашага сала буларга токтолду:
“5-6 жыл бою акырындап каражат чогултуп, керектүү буюмдарды сатып алып даярдангам. Өлүм менен жашоонун мизинде жүрөсүң, андыктан кылдат даярдыкты талап кылат. Айрымдар айтып жүрөт “КТРден жеп алган акчасы” деп. Андай эмес. Ал жактан каражат жесем да, бул чокуну багындырууга бара алмак эмесмин. Мага эки демөөрчү жана Кыргызстандын президенти жардам берди. Бул да спорттун бир түрү, демөөрчү издейсиң”, - деди Карыпбеков.
Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов 130 миң долларга чейин акча каражаты кете тургандыгын айтып, орто эсеп менен 65-70 миң долларга барып келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.
“Кеп акчада эмес. Эң негизгиси дүйнө эли Кыргызстанды мамлекет катары таанып жаткандыгында. 30 миң долллардан баштап, 130 миңге чейин жумшалат”, - деп белгиледи Кубатов.

