Бишкектин көчөлөрүн суу каптады




Кечээ, 19-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Маңка-Жар коктусундагы селден коргоочу курулмадан суу ташып, натыйжада Арча-Бешик конушунун көчөлөрүн суу каптаган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акимчиликтин, МАБдын кызматкерлери ӨКМдин, шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде жыйын өткөрүп, кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүштү, анда “Бишкек жашыл курулуш” жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынан атайын техникалар тартылды.
Белгиленгендей, Азем көчөсүндөгү арыктарды тазалоо жана куурап калган бактарды кыюу, Жайыл баатыр жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу, топурактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
"Чоң-Арык муниципалдык аймактык башкармалыгынын Мусулманкулов көчөсү тазаланды.
Учурда Маңка-Жар коктусундагы 2 сел тосмосунан келген суунун көлөмүн азайтуу боюнча адистер жеринде иштеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

